Милиция суукта көчөдө калгандарды таап, жылуу жайларга жеткирүүдө. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота автобуса православной службы "Милосердие"
Работа автобуса православной службы Милосердие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жайларда үй-жайы жок жарандарга убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип турат.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы аба ырайынын температурасы төмөндөп суук болуп жатканына байланыштуу, үй-жайы жок адамдарды издөө боюнча профилактикалык иш-чараларды аткарып жатканын кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Өткөн суткада милиция кызматкерлери шаардын көчөлөрүнөн 29 адамды таап, аларды "Коломто" муниципалдык мекемесине жеткиришкен.

Анда үй-жайы жок жарандарга убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип турат. Мындан сырткары, ошол жерде түнөөгө уруксат берилип, төшөк менен камсыздалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0