БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы аба ырайынын температурасы төмөндөп суук болуп жатканына байланыштуу, үй-жайы жок адамдарды издөө боюнча профилактикалык иш-чараларды аткарып жатканын кабарлады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Өткөн суткада милиция кызматкерлери шаардын көчөлөрүнөн 29 адамды таап, аларды "Коломто" муниципалдык мекемесине жеткиришкен.
Анда үй-жайы жок жарандарга убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип турат. Мындан сырткары, ошол жерде түнөөгө уруксат берилип, төшөк менен камсыздалат.