ИИМ депутаттарды суракка эмнеге чакырып жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции города Бишкек
Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев суракка чакырылганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги парламенттин айрым депутаттарынын суракка чакырылып жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айрым коомдук уюмдар ЖМКлар аркылуу буга нааразылыгын билдирип жатканы айтылат.

"Айрымдар Конституциянын өзгөрүшүнө, президенттик жана парламенттик шайлоонун датасына каршы пикир айткан эл өкүлдөрү кысымга алынууда деп айтып жатышат. Бул жаңылыш ой. 5-6-октябрь күнкү окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында кээ бир укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана депутаттар күбө катары сурак берүүдө", — деп айтылат ИИМдин түшүндүрмөсүндө.

Министрлик тергөө купуялуулугун эске алуу менен каралып жаткан иштин чоо-жайын билдирген жок.

ИИМ эки депутат кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айтты

Мындан тышкары, ведомство айрым коомдук уюмдарды "ишти саясат менен байланыштырбоого" чакырды.

Буга чейин депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0