386 киши вирус жугузду. Коронавирус боюнча жаңы статистика

© AP Photo / Pavel GolovkinМедициналык кызматкер кишиден анализге кан алып жатат
Медициналык кызматкер кишиден анализге кан алып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору илештирип алгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарында. Кечээ борбор калаада 119 кишинин вирус жуктуруп аныкталды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 386 кишиден табылды. Ошол эле маалда 427 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге ылайык, коронавирус жуктургандардын көбү, тагыраагы, 130у Бишкектен.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 119;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 118;
  • Ош облусу – 30;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 55;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 27.

Айыккандар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 81;
  • Ош облусу – 55;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 85;
  • Баткен облусу – 66.

Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 702ге жетти. Анын ичинен 59 789у айыкса, 1 223 бейтап көз жумду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен алтоо Бишкек шаарында, экөө Баткен, экөө Ысык-Көл жана экөө Талас облусунда иштешет.

Бир суткада стационардан төрт медик айыгып чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0