Дарыгер коронавирусту аныктоодо пульсоксиметрдин натыйжалуулугун айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в ЦКБ "РЖД-Медицина"
Лечение больных с COVID-19 в ЦКБ РЖД-Медицина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис белгилегендей, пульсоксиметр — канда кычкылтектин деңгээлин, башкача айтканда, сатурацияны ченеген аппарат. Ал өпкөдөгү кычкылтектин деңгээлин текшерет.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өпкөнүн жабыркаганын аныктоо үчүн пульсоксиметрдин көрсөтмөлөрү канчалык жетиштүү экенин дарыгер Амиран Демуров Sputnik радиосуна айтып берген.

Адис белгилегендей, пульсоксиметр — канда кычкылтектин деңгээлин, башкача айтканда, сатурацияны ченеген аппарат. Ал өпкөдөгү кычкылтектин деңгээлин текшерет.

Дарыгер коронавируска кабылып өпкөнүн жабыркаганын аныктоо үчүн канда кычкылтектин деңгээлин билүү маанилүү экенин айтып, бирок дарттын оор же жеңил формасына кабылганын жалгыз эле сатурация көрсөтпөй турганын белгилеген.

"Пульсоксиметр кандагы кислороддун деңгээлин көрсөтөт. Бул — өпкөнүн жабыркаганын биле ала турган тесттердин бири. Коронавирустан өпкө жабыркаганда сөзсүз кычкылтек түшөт. Эгер аппарат канда кычкылтектин түшүп кеткенин көрсөтсө, анда бул бейтапты ооруканага жаткыруунун бир жагдайы", — деген дарыгер.

Демуров сатурация түшүп кеткен учурда бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин медиктер кабыл алышы керек деп эсептейт. Ал пульсоксиметр өпкөгө кычкылтек жетпей жатканын көрсөтсө, дароо үйдөн дарыланып баштабаш керектигин эскерткен.

"Бөлмөнүн ичинде кычкылтек аз болсо да канда кычкылтектин деңгээли түшүп кетет. Бейтаптын ден соолугуна дарыгер гана баасын берип, текшере алат", — деген Демуров.

Ал организмде коронавирустун бар-жогун, андан өпкө жабыркап жатканын жалгыз пульсоксиметрдин көрсөтмөсү менен аныктоо аздык кыларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0