13:01 18 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2487)
470 0 0

Эскерте кетсек, акыркы убакта аталган калаада коронавируска кабылгандардын саны азайып, оорудан сакайгандар басымдуулук кыла баштаган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан мектептер жана башка коомдук жайлар иштеп баштаарын калаа мэриясы билдирди.

Маалыматта шаардык штабдын чечими менен 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке барып-келип билим алары белгиленген. Ал эми калган класстын окуучулары онлайн окуусун уланта бермекчи. Чечим менчик мектептерге да тиешелүү.

"Мектептерден тышкары унаа базарына, муниципалдык мончолорго коюлган чектөө алынып, кадимки тартипте иштей турган болду. 20-ноябрдан тарта санитардык нормаларды сактоо менен мечиттерде жума намазы окула баштайт. Коомдук тамактануучу жайлардын саат 20.00дөн кийин иштөөсүнө салынган чектөө да алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпашы шарт. Чайканалардын да иштөөсүнө уруксат берилди", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия, мындан тышкары, бильярд залдарына коюлган чектөө да алынганын кошумчалады.

Ал эми бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды. Ошондой эле базарлар график менен жумасына бир ирет жабылып, санитардык күн өтөт.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2487)

Тема боюнча

Кыргызстанга эми 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Тизме
Белгилер:
чектөө, бильярд, штаб, мечит, мончо, мектеп, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ