Сот депутат Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын күнөөкөрүн абактан бошотту

© AFP / ROD LAMKEYСудебное заседание в Вашингтоне
Судебное заседание в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы өткөн жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында болгон. Катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW Х7 унаасы Lexus ES 330 үлгүсүндөгү машинаны коюп кеткен. Натыйжада жеңил автодогу төрт жигит каза тапкан.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгы боюнча чечим чыгарды.

Депутаттын уулу аралашкан кырсык: Экспертизага ишенбей ыйлаган эненин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу аралашкан кырсык: экспертизага ишенбей ыйлаган эненин видеосу
Окуя 2019-жылдын 7-июлунда Чолпон-Ата шаарында болгон. Катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW Х7 унаасы Lexus ES 330 үлгүсүндөгү машинаны коюп кеткен. Натыйжада жеңил унаадагы төрт жигит каза тапкан. Ал эми BMW автосундагы жүргүнчү менен айдоочу ооруканага жеткирилген. BMW унаасында ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобаев болгон. Ал эми рулду анын досу Элдияр Халмурзаев башкарып бараткан.

2020-жылдын 11-ноябрында соттун чечими менен Халмурзаев күнөөлүү деп табылып, жети жылга камалган. Ошондой эле үч жыл унаа айдоо укугунан ажыратылып, 70 миң сом айып салынган.

Анткен менен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата берилген мунапыска ылайык, күнөөкөр эркиндикке чыгарылды.

"Сот Аламүдүн райондук сотунун чечими менен эки өспүрүмдүн камкорчусу болгонун жана үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин эске алган. Ошондой эле Халмурзаевдин күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканы, жабыркаган тараптардын пикири жана алардын өкүлүнүн ага карата доосу жоктугун билдиргени эске алынган", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан каза болгон балдар группалаштар эле. Үчөө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде магистратураны быйыл аяктаган. Айдоочусу Б.Н. бакалаврды бүткөндөн кийин эле УКМКга жумушка орношкон. Төрт жигиттин бири бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу.

Жаңылыктар түрмөгү
0