Кыргызстанда кыз-келиндер айдоочулук күбөлүктү көп ала баштады

© Фото / Pixabay/ freestocks-photosАйдоочу кыз. Архив
Айдоочу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматы 2019-жылы жана быйылкы 9 айда күбөлүк алгандардын эсебин чыгарды. Бул жаатта аялдардын активдүүлүгү байкалган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кыз-келиндер айдоочулук күбөлүктү көп ала баштагандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

2019-жыл боюнча маалымат:

  • эркектерге — 127 586 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул жалпы көрсөткүчтүн 75,5 пайызын түзөт;
  • аялдарга — 31 236 документ берилген.
  • Айырма 96 350 болгон.
  • 2020-жылдын январь-октябрындагы маалымат:
  • эркектер — 121 591 (73,5 пайыз);
  • аялдар — 32 165.

Айдоочулук күбөлүктүн саны боюнча айырма 89 165ти түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0