Кечээтен бери коронавирус жуктурган беш киши каза болду

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия башталгандан тарта оорудан айыга албай 1 217 кыргызстандыктын көз жумганы айтылды.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында кечээтен бери коронавирус жуктурган беш бейтап каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта алар Бишкекте, Таласта, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында экени айтылды.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оорудан сакая албай 1 217 кыргызстандыктын көз жумганы белгилүү болду.

Ал эми бир суткада 422 кишинин вирус жуктуруп алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0