Оорукана 10 күндө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районуна 200 орундуу оорукана курула баштаганын маалымат кызматы билдирди.
Жардам алып келген ишкананын башчысы Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алып, ыраазычылык билдирди
Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, бир гектарга жакын аянтка курулат. Учурда оорукананын ордун даярдоо иштери башталды.

Оорукананын курулушу үчүн модулдук курулмалар (контейнер) "Өзбекстан темир жолдору" ишканасы тарабынан алып келинди. Жардам алып келген ишкананын башчысы Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алып, ыраазычылык билдирди.
"Пандемия менен күрөшүүдө элибиздин саламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөнү эки элдин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди", — деди Жалалов.
Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, бир гектарга жакын аянтка курулат. Учурда оорукананын ордун даярдоо иштери башталды.
Жетекчилер бул күнү оорукана курулуучу жерди да көрүп чыгышты.
Имарат 10 күндүк мөөнөттө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эми бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашары айтылат.