Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы турак үйлөр. Архив
Бишкек шаарындагы турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин бригадасы трансформатордук көмөк чордон менен үйлөрдүн ичиндеги жабдууларды текшерип чыгышат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 19-ноябрда, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Адистердин бригадасы трансформатордук көмөк чордон менен үйлөрдүн ичиндеги жабдууларды текшерип чыгышат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 10:00-17:00 — Осмонкул жана Древесной көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00-14:00 — Рухий-Мурас конушу (5-6-көчөлөрү), Нурекский, Наманган, Адыр, Андижан көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 11:00-19:00 — Рухий-Мурас конушу (1-4-көчөлөрү);
  • 9:30-17:00 — Көк-Жар (Жеңижок, Куйручук, Конорчок, Ахунбаев көчөлөрү), Арча-Бешик (Абаданов, 14-15-көчөлөр), Көлмө (Козу-Баглан көчөсү) конуштары, Жибек жолу, Орозбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30-18:00 — Ак-Босого конушу (Чүй, 21-24, 52-55, Профессор Зима көчөсү).
Жаңылыктар түрмөгү
0