Бишкектин көчөлөрүн тазалаган кыз-келиндер "моделге" айланганда. Сүрөттөр

© Фото / Влад ДомбровскийДеятельность муниципального предприятия "Тазалык"
Деятельность муниципального предприятия Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы "Тазалыктын" костюм-шымчан жигиттеринин сүрөтү жарыяланган. Быйыл анда иштеген айымдар кулпурушту.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери адатта кийип жүргөн формаларын стилдүү кийимге алмаштырышты.

Ведомствонун маалымат катчысы Жибек Каракеева кыз-келиндердин сүрөтүн жарыялап, аларды башка өңүттө көрсөткүлөрү келгенин жазган.

"Кээде такыр башка адам болуу үчүн кийинип коюу гана жетиштүү. Биз өзүбүздү башка жагыбыздан көрсөтүү үчүн дагы бир ирет эксперимент жасап көрөлү дедик. Күн сайын эртең менен бул айымдар биздин шаарды тазалашат", — деди Каракеева.

"Тазалыкта" иштеген аялдар ачык түстүү кийимдер менен атайын техниканын жана кышкы реагенттер үйүлгөн жерден сүрөткө түшүшкөн. 

Жибек Каракеева өткөн жылы "Тазалыктын" костюм-шымчан жигиттеринин сүрөтүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0