Бишкектин Тез жардам кызматына алты жаңы унаа алынды. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекТез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды
Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам унааларын "Вираж" компаниясы алып келген. Бул үчүн шаардык бюджеттен 13,7 миллион сом каражат каралган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекБүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды
Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды
© пресс-служба мэрии города БишкекРоссиядан чыккан "Соболь" маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган
Россиядан чыккан Соболь маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Россиядан чыккан "Соболь" маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган
© пресс-служба мэрии города БишкекАнда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар
Анда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар - Sputnik Кыргызстан
3/4
Анда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар
© пресс-служба мэрии города БишкекЭми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт
Эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт - Sputnik Кыргызстан
4/4
Эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт
1/4
Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына А класстагы жаңы алты унаа тапшырылды
2/4
Россиядан чыккан "Соболь" маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган
3/4
Анда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар
4/4
Эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт

Россиядан чыккан "Соболь" маркасындагы унаалар көп профилдүү тез жардам тобуна арналган. Унаа техникасы бардык зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган. Анда бейтапка кычкылтек берүүчү аппарат, электрокардиографалар, небулайзерлер жана дарыларды сактоочу чемодан бар.

Эми Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 транспорт болду. Орточо алганда шаарда күн сайын 31-34 ирет Тез жардам кызматына чакыруу түшөт.

Бишкек, Ош жана Нарын облустарындагы чоң ооруканаларга Азия өнүктүрүү банкы менен ЮНИСЕФ 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек бөлүштүргүч жана 27 пулсьсоксиметр алып берди - Sputnik Кыргызстан
Донорлор бөлгөн 200 миң доллардын эсебинен медициналык жабдыктар алынды
Унааларды шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева тийиштүү мекемеге өткөрүп берди.

Атайын транспортту "Вираж" компаниясы алып келген. Тез жардам унааларына каражат шаардык бюджеттен каралып, 13,7 миллион сом сарпталган.

Эске сала кетсек, июнь айында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы А класстагы алты тез жардам унаасын сатып алуу боюнча тендер жарыялаган.

Тез жардам унаасы Бишкек мэрия Саламаттык сактоо башкармалыгы

Жаңылыктар түрмөгү
0