Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүЗавершена расчистка лавинных завалов
Завершена расчистка лавинных завалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьердин милдетин аткаруучу бардык эле унаа кыймылдарынын токтотулушу өлкөнүн экономикалык абалына таасирин тийгизерин айтты.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өлкөдөгү аймактык жана эл аралык автотрассаларды тейлеген бардык кызматтардын ишин күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков кыш мезгилинде автоунаа жолдорундагы коопсуздукту камсыздоого арналган жыйынга катышкан.

"Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, жолдордо абал кыйындады. Бул өзгөчө автоунаа жолдорунун кооптуу участкаларында жана ашууларда сезилип жатат. Жол кыймылындагы мындай терс жагдайларды болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Бул үчүн бардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүүсү зарыл. Бардык жолдор, өзгөчө кооптуу участкалар өз убагында кардан тазаланып турушу керек", — деген Новиков.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, инерттүү жана күйүүчү-майлоочу материалдар жетиштүү. Ал эми жол тазалаган техника жетишсиз болуп, маселени чечүүнүн амалдары каралып жатат. Жалпысынан кыш мезгилине даярдык 80 пайыз деп бааланууда.

"Унаа кыймылынын токтотулушу өлкөнүн экономикалык абалына таасирин тийгизет. Бүгүнкү шартта бул актуалдуу болуп турат. Ошондуктан ар бир орган өз ишин мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде аткарышы зарыл. Абалдын начарлап кетишине жол берилбеши керек", — деди премьердин милдетин аткаруучу.

Ремонт автотрассы Р-257 Енисей - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда оңдолуп жаткан жолдорго канча жыл кепилдик берилгени айтылды
Кеңешменин жыйынтыгы менен Новиков Транспорт жана жолдор министрлигине айдоочуларга жолдордо, өзгөчө кооптуу участкаларда коопсуздук чараларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындан сырткары, дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу, тайгак ашууларда дөңгөлөккө чынжырларды ороп айдоо боюнча айдоочуларга эскертүү берүү белгиленген.

Ички иштер министрлигине зарылчылыкка жараша ашуулардагы жол кыймылын чектөө графигин камсыздоо тапшырылган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эл аралык маанидеги автотрассалардын кооптуу аймактарына жакын жерге жылынуучу жана медициналык жардам көрсөтүүчү пунктуларды уюуштуруу милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0