Кыргызстанда оңдолуп жаткан жолдорго канча жыл кепилдик берилгени айтылды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүРемонт автотрассы Р-257 "Енисей"
Ремонт автотрассы Р-257 Енисей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстанда ири жолдорду салуу жана оңдоо" темасында онлайн-брифинг өттү.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарбачылыгы департаментинин жумуштарды кабыл алуу жана көзөмөл менен камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги Акылбек Мусабаев Кыргызстанда оңдолгон жолдордун сапатына канча жыл кепилдик берилгени тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Мээрим ДогдурбековаЖолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарбачылыгы департаментинин жумуштарды кабыл алуу жана көзөмөл менен камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги Акылбек Мусабаев
Кыргызстанда оңдолуп жаткан жолдорго канча жыл кепилдик берилгени айтылды - Sputnik Кыргызстан
Жолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарбачылыгы департаментинин жумуштарды кабыл алуу жана көзөмөл менен камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги Акылбек Мусабаев

Адис Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда ири жолдорду салуу жана оңдоо" темасындагы онлайн-брифингге катышкан.

Мусабаев белгилегендей, капиталдык оңдоп-түзөөнүн кепилденген мөөнөтү эки жыл мурда узартылган.

"Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордун сапатына кепилдик берген убакытты 2018-жылы узартышкан. Азыр ал үч жыл деп турат. Ал эми реконструкция болгон жерлерге кепилдик беш жылга берилет. Башкача айтканда, эгер беш жылдын ичинде жол талкаланып кала турган болсо, подрядчылар өз эсебинен оңдоп беришет", — деди Мусабаев.

Ушул эле онлайн-брифингде Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча министрликтин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү боюнча адиси Тагай Алимбаев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0