Баткен облусунда 600 гектар жерге турак жай салууга уруксат берилди

Жазылуу
Трансформациялоо боюнча чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынганы айтылды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун бир катар аймактарында жер тилкелери трансформацияланды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров Баткенге иш сапары менен барганда жергиликтүү эл калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүү меселесин көтөрүшкөн.

"Өкмөт башчы иш сапардан келгенден кийин аталган жер тилкелерин трансформациялоо туурасында токтомдорго кол койду. Белгилей кетүүчү жагдай, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев  Жапаров бул токтомдорго премьер-министрлик ыйгарым укуктары тототулгандан мурда кол койгонун ырастады.

Трансформацияланган жерлер:

  • Баткен району, Суу-Башы айыл аймагындагы 151,1 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду;
  • Баткен району, Дара айыл аймагындагы 148,6 гектар жер "Айыл чарба багытындагы жерлерден" "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду;
  • Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерге үй салууга уруксат берилди.

Бул чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0