Донорлор бөлгөн 200 миң доллардын эсебинен медициналык жабдыктар алынды

© Фото / пресс-служба Минздрава КРБишкек, Ош жана Нарын облустарындагы чоң ооруканаларга Азия өнүктүрүү банкы менен ЮНИСЕФ 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек бөлүштүргүч жана 27 пулсьсоксиметр алып берди
Бишкек, Ош жана Нарын облустарындагы чоң ооруканаларга Азия өнүктүрүү банкы менен ЮНИСЕФ 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек бөлүштүргүч жана 27 пулсьсоксиметр алып берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жабдыктар Азия өнүктүрүү банкынын ЮНИСЕФ аркылуу Кыргызстанга медициналык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында бөлүнгөн 200 миң доллардын эсебинен алынган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Нарын облустарындагы чоң ооруканаларга Азия өнүктүрүү банкы менен ЮНИСЕФ 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек бөлүштүргүч жана 27 пулсьсоксиметр алып берди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Глобалдык пандемия шартында дүйнө боюнча COVID-19га чалдыкан бейтаптарды кароодо кычкылтек концентратору менен пульсоксиметр колдонула баштады. Ал эми кычкылтек бөлүштүргүч — бир концентратордогу кылчкылтекти бир нече бейтапка бөлүп жеткирет.

Бейтапты ИВЛ аппаратына кошуп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гумжардам. Казакстан Кыргызстанга 400 ИВЛ аппарат, 2 млн. бет кап жөнөтөт
Медициналык жабдыктар Азия өнүктүрүү банкынын ЮНИСЕФ аркылуу Кыргызстанга медициналык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында бөлүнгөн 200 миң доллардын эсебинен алынган.

Аталган долбоор менен апрель айынан бери үч жасалма дем алдыруучу аппарат, 20 миң медициналык кол кап, 2000 коргоочу кийим, 2300 FFP2 классындагы респиратор, 1500 дем алдыруучу система жана башка каражаттар алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0