Кар жаагандан кийин Бишкектин жолдоруна 413 тонна туз себилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба коммунальщиков с весенним снегом
Борьба коммунальщиков с весенним снегом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар баскан, муз тоңгон жолдорго жана тротуарларга туз чачылбаган учур катталса, жарандар мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып жана 1840, 1850 кыска номерлерине күнү-түнү чалуу керек.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Күн сууктап, кар жаап жатканына байланыштуу кечээтен бери борбор калаанын жолдоруна 413 тонна техникалык туз себилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жамгыр жаап, кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы
Билдирүүгө ылайык, карды тазалоо үчүн Жол-тейлөө бөлүмүнөн 38 техника жана 25 кызматкер тартылган. Мындан сырткары, 662 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 118, "Жашыл чарба" ишканасынан 28 жана чакыруу менен барып тиричилик таштандыларын чыгарып кеткен 100 адамдан турган команда штаттык режимде иш алып барууда.

Кар баскан, муз тоңгон жолдорго жана тротуарларга туз чачылбаган учур катталса, жарандар мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып жана 1840, 1850 кыска номерлерине күнү-түнү чалса болору эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0