БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча төрт бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкек шаарынан эки, Талас облусунан бир, Чүй облусунан бир бейтап каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1207 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.