Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктөр ишке кириши мүмкүн. Долбоор

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочулук күбөлүгү жана автоунааны каттоо күбөлүгү. Архив
Айдоочулук күбөлүгү жана автоунааны каттоо күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулук күбөлүктөн сырткары автоунааны каттоо күбөлүгүн да электрондук форматка өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук айдоочулук күбөлүктү ишке киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, айдоочулук күбөлүктөн сырткары автоунааны каттоо күбөлүгүн да электрондук форматка өткөрүү пландалууда. Долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан. Ал эми аны ишке ашырууга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көмөктөшмөкчү.

Долбоор сынамык иретинде бир жылга Бишкекте жүргүзүлөт.

"Пилоттук программа ишке ашып калса, унаа ээлери айдоочулук күбөлүк менен транспортун каттаткан күбөлүктүн электрондук түрүнө мобилдик тиркеменин жардамы менен өтө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты талап кылынбай турганы айтылды. Ал эми ЖКККББ өкүлдөрү электрондук айдоочулук күбөлүктү текшерүү үчүн буга чейин сатып алынган компьютердик планшеттерди колдонушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0