Кашкар Жунушалиев Россияда концерт көрүп отурабы? Соцтармактагы видеонун чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы
Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар жана соцтармак колдонуучулары "Октябрь окуясында качып кеткен ИИМ башчысы Россияда концерт көрүп отурат" деп жазышууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Россияда концерт көрүп отурганы боюнча тараган видео быйыл тартылган эмес. Муну "Биринчи каналдын" расмий сайтына жарыяланган видео тастыктайт.

Бүгүн айрым ЖМКлар "Октябрь окуясында качып кеткен ИИМ башчысы Россияда концерт көрүп отурат" деп жазып чыгышты. Анда видеосу дагы камтылган.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 10-ноябрда Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концерт өткөн. Ал эми Жунушалиевдин тарап жаткан видеосу ошол учурда тартылган.

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Мамытканов: Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда
"Биринчи каналдын" расмий сайтына чыккан концертте экс-министрди 1:04:33 мүнөтүнөн көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Россияда дагы деле карантиндик чектөөлөр алына элек. Көп сандагы адамдардын катышуусунда концерт өткөрүүгө да уруксат берилген эмес.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматын таштап качып кеткен. Премьер-министр Садыр Жапаров ал кайда экени белгисиз деп айтып, изделип жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0