Кадрлар резерви түзүлүүдө. Министрлик медициналык билими барларды чакырууда

© REUTERS / Callaghan O'HareДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер жана ошондой эле ординатор, студент, ыктыярчылар онлайн катталса болот.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине катталууга чакырып жатат.

Министрдин санариптештирүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев резервге катталууну каалаган адистер министрликтин сайтына дареги аркылуу кирип арыз калтыра ала турганын билдирди.

"Сиз менен сөзсүз түрдө байланышат. Сиз бизге керексиз, сиз кыргыз элине керексиз, сиз Кыргызстанга керексиз!", — деп жазган Жангазиев.

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билимге эгедер дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер жана ошондой эле ординатор, студент, ыктыярчыларды катарына кошууга даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0