Улам көбөйүүдө. КРде соңку суткада 22 медицина кызматкери коронавируска кабылды

© REUTERS / Maxim ShemetovОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстан боюнча ооруканда дарыланып жаткан жети ак халатчан COVID-19дан айыгып үйүнө чыккан.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус менен ооруп калды, алардын ичинен бешөө инфекцияны кызыл зонадан жуктуруп алган. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлады.

  • Баткен облусунда – 4 (кызыл зонадан 2);
  • Бишкек шаарында – 3 (кызыл зонадан 2);
  • Чүй облусунда – 5 (кызыл зонадан 1);
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Ал эми бир күндө үй карантининен жети медицина кызматкери чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында  3715 учур катталса, алардын ичинен 3490 ак халатчан сакайды.

Эске салсак, Кыргызстандан соңку суткада 551 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ооруканада илдет менен алышып жаткандардын үчөө көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0