Диетолог: сулу боткосун күнүгө жегенге болбойт

© Фото / Pixabay / iha31Овсяная каша
Овсяная каша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулу боткосун жумасына 2-3 жолудан көп жегенге болбойт. Аны глютенди көтөрө албаган адамдар жебей эле койгону оң.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Врач-диетолог Инна Заикина сулу боткосун күнүнө колдонуунун зыяндуулугун эскертти. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

Адистин айтымында, күнүнө сулуну тамак-ашка пайдалануу организмдеги айрым микроэлементтердин жетишпестигин шарттайт. Ботконун курамындагы фит кычкылы темир, цинк, магний жана кальций катиондорун бириктирип салгандыктан алар организмге жакшы сиңбей калат.

Мындан тышкары, боткону глютенди көтөрө албаган адамдар жебей эле койгону оң.

"Сулу боткосунун пайдалуу касиеттери болгону менен организмдеги минералдык зат алмашуунун начарлашынан жабыркагандар аны узак убакытка же күнүнө пайдаланбай эле койгону жакшы. Муну менен катар аз кандуулук менен жабыркагандарга жана жаш балдарга зыян", — деди ал.

Сулудагы фит кычкылынын курамын азайтуу үчүн боткону жети сааттан ашык сууга чылап, андан кийин ага йогурт же лимон ширесин кошуп ичүү керек. Ошондой эле сулу боткосун жумасына 2-3 жолудан көп жегенге болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0