Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду

© Sputnik / Акылбек БатырбековСитуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии
Ситуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-октябрда ордо калаада жарык жапырт өчүп, ТЭЦтен буу чыккан. Муну "Түндүкэлектр" ишканасы ТЭЦте авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калган деп түшүндүргөн.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте ушул жылдын 29-октябрында жарыктын массалык өчүрүлүшүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео - Sputnik Кыргызстан
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео
Эске салсак, 29-октябрда, ордо калаада жарык жапырт өчүп, ТЭЦтен буу чыккан. Муну "Түндүкэлектр" ишканасы ТЭЦте авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калган деп түшүндүргөн. Кийинчерээк ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ЖЭБде авария болбогонун, жөн гана авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкканын билдирген.

Андан соң "Түндүк электр" ишканасы жарыктын массалык өчүшүнө 110 жогорку киловольттук кабелдер себепчи эмес экенин айткан.

"29-октябрда болгон авариялык өчүрүүнү иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Учурда алар өчүрүүнүн себептерин териштирүүдө. Бул иш сапаттуу жана толук кандуу иликтениши үчүн комиссиянын иштөө мөөнөтү 25-ноябрга чейин узартылды", — деп жазылат маалыматта.

Териштирүү, иликтөө иштери жыйынтыкталган соң кошумча маалымат берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0