Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный манасчи Доолот Сыдыков
Известный манасчи Доолот Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухиттей чалкыган Манасты айтуу өнөрү жападан жалгыз кыргыз элинин энчисине тийген касиет. Ушундай улуу касиеттин учугун улаган айтылуу манасчы учурда 37 жашта.

Мындан улам Sputnik агенттиги бүгүнкү күндүн көзгө басаар манасчысы, кечээ эле "Манас" эпосун 14 саат 27 мүнөт айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 фактыны сунуштайт.

Касиеттүү үй-бүлөдөн. 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. 12 бир туугандын тогузунчусу. Дөөлөтбек деген ысымды атасы ыйгарган. Качкын Сыдыков 1941-жылы туулуп 2006-жылы көзү өткөн. Апасы Мейрамгүл Сыдыкова 1946-жылы туулган, Казакстандын орто жүздүү Найман элинен болот. Манасчынын чоң энеси эгиздерди, үч эм, төрт эм төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Ошондой эле тайлары дагы кыргызчылыкты карманган касиеттүү адамдар. 

© Фото / Студия "Кенч"Манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат

Билими. Айылда орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, аны 2011-жылы бүтүргөн.

Улуу өнөрдү аркалашы. Сыдыковдун манас айтып калуусуна эки нерсе түрткү болгон. Биринчиден, чоң аталары "Манас" айткан инсандар эле. Экинчиден, 12 жашында түшүндө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөн. Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Жөө күлүк болбой калган манасчы. Сыдыковдун айтымында, чоң атасы астына аргымак салдырбаган жөө күлүк адам болгон. Атасы да жаш кезинде бир айылдан экинчи айылга жылаңайлак каттаган шамдагай адам эле. Дөөлөттүн "эгер улуу өнөрдү аркалабаганымда спорттон ордумду тапмак белем" деп айтаны бар. "Бала кезде спортко абдан кызыгып жүрдүм, бу жөө күлүктүк канда бар. Азыр жай турмуш менен спортко убакыт таба албай жүрөм" дейт манасчы. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет

Жеке жашоосу. Манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. КТРКнын маданият бөлүмүндө эмгектенет. Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат.

Эмгек жолу. 2010-2011-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим, 2011-2012-жылдары Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу, 2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу, сценарист, 2014-жылдан бери "Саякбай манасчы" коомдук фондунун мүчөсү болуп эмгектенет. 

© Фото / студия "СинемАрт Продакш"Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан

Кароо-сынактардагы жеңиштери. "Башканы коюп Манасты айт" сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Жарым күн тынбай манас айтып. Дөөлөт Сыдыковдун ысымы мындан бир нече күн мурун эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн (атайын жай) Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду.

Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болду. 

© Sputnik / Акылбек Батырбеков / Эмиль Садыров"Ала-Тоо" аянтында Дөөлөттүн айтуусунда "Манас" жарым күн жаңырып турду
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтында Дөөлөттүн айтуусунда "Манас" жарым күн жаңырып турду

Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн.

Окумуштуулар феноменин текшерип... Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окутуучулары Сыдыков жарым суткадан ашык убакыт манас айткандан кийин анын феноменин изилдөөгө киришти. Адистер манас айтууга чейинки жана кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында эки жолу кан анализин алып, атайын лабораторияга жиберишкен. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0