Кардиолог кан тамырлар үчүн пайдалуу азыкты атады

CC0 / Pixabay / Bom taraissaraУпотребление красного риса в пищу
Употребление красного риса в пищу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл күрүч ашыкча суюктукту кетирип, ачкалыкты тез канааттандырат. Мындан сырткары, күрүчтөгү темир аз кандуулукту алдын алат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кардиолог-дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Анна Кореневич кызыл күрүчтүн ден соолукка пайдасы жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бул азык ичеги-карындын иштешин жана тамак сиңирүү процессин жакшыртат. Клетчатканын эсебинен организмдеги токсиндерди чыгарып, зыяндуу холестериндин канга сиңишине жол бербейт.

"Бул азыктын дагы бир артыкчылыгы кандагы глюкозанын денгээлине таасир берүүчү касиети төмөн экенинде. Бул кызыл күрүчтү жегенде кандагы канттын деңгээли көтөрүлбөйт дегенди билдирет. Ошондуктан күрүчтүн дандары кант диабети менен ооруган адамдар үчүн абдан пайдалуу", — деген Анна Кореневич өзүнүн YouTube-каналында.

Ал кошумчалагандай, кызыл күрүч ашыкча суюктукту кетирип, тез тойгузат. Мындан сырткары, күрүчтөгү темир аз кандуулуктун өсүшүн азайтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0