Садыр Жапаров 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча и.о президента Садыра Жапарова с манасчи Доолотом Сыдыковым
Встреча и.о президента Садыра Жапарова с манасчи Доолотом Сыдыковым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.
Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.
Баарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Баарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.
1/3
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды.
2/3
Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.
3/3
Баарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.
"Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул "Манас" эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз", — деди Садыр Жапаров.

Непрерывное сказание эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Баарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Пикирлерди уккан соң, премьер-министр өкмөт салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн инсандардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшаарына ишендирип кетти.

Жолугушуунун соңунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0