Баткен менен Согдинин жетекчилери такталбаган аймакка курулуш курбоону сүйлөштү

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Максат Лейлекского района Баткенской области
Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда тараптар акыркы учурда чек ара аймактарында болуп жаткан нааразычылыктардын себептери тууралуу сүйлөшүштү.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугуп, чек ара маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Установка водопроводной трубы в поселке Терновка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги чек ара чыры: тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады
Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери барган. Ал эми Тажикстандан Согди облусунун төрагасынын орун басары Бахавиддин Бахадырзода жетектеген топ келген.

Жолугушуу Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Тажикстан менен чектешкен бейтарап аймагында болгон.

"Жетекчилер Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек аймактарына курулуш курбоо, зарыл болгон курулуштарды өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле чек арага жакын жерде кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоодон мурда кошуна өлкөнүн тийиштүү органдарына маалымдоо зарылдыгы дагы бир ирет белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Жетекчилер чек ара аймагындагы элдин коопсуздугу үчүн чыр-чатактарга жол бербөө, анын себептерин аныктоо менен жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү боюнча макулдашышкан. Мындан сырткары, кыргыз-тажик элинин ынтымагын, кошуналык карым-катнашын бекемдөө боюнча пикир алмашуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0