Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды

© Sputnik / Табылды КадырбековНепрерывное сказание эпоса "Манас"
Непрерывное сказание эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас айтууга чейинки жана кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу үчүн манасчыдан эки жолу кан анализин алышкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окутуучулары кечээ 14 сааттан ашык тынбай манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдеп жатышат. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Анда академиянын тийиштүү кафедрасынын адистери манасчынын феноменин медициналык багытта изилдеп баштаганы айтылат. Ага ылайык, Сыдыковдун манас айтууга чейинки жана кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында эки жолу кан анализин алышкан. Ал анализдер атайын лабораторияга жиберилген. Жыйынтыгы жакынкы күндөрү жарыяланат.

Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Белгилей кетсек, кечээ, 12-ноябрда, Дөөлөт Сыдыков токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт бою манас айтты. Ал үчүн борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үй (атайын жай) курулган.

Эпосту тыным албай узак убакыт айткан мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0