Экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

© Фото / Зульфия ТургуноваЭкс-министр Каныбек Исаков менен коштошуу зыйнаты
Экс-министр Каныбек Исаков менен коштошуу зыйнаты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум менен коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.

БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Бүгүн, 13-ноябрь күнү, экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү анын кичи мекени Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылында жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваЦеремония прощания с экс-министром образования Каныбеком Исаковым в городе Ош
Бүгүн, 13-ноябрь күнү, экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү анын кичи мекени Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылында жерге берилет - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн, 13-ноябрь күнү, экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү анын кичи мекени Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылында жерге берилет
© Фото / Зульфия ТургуноваЦеремония прощания с экс-министром образования Каныбеком Исаковым в городе Ош
ОшМУнун башкы корпусунда маркум менен коштошуу зыйнаты өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
2/3
ОшМУнун башкы корпусунда маркум менен коштошуу зыйнаты өткөрүлдү
© Фото / Зульфия ТургуноваЦеремония прощания с экс-министром образования Каныбеком Исаковым в городе Ош
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.
1/3
Бүгүн, 13-ноябрь күнү, экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү анын кичи мекени Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылында жерге берилет
2/3
ОшМУнун башкы корпусунда маркум менен коштошуу зыйнаты өткөрүлдү
3/3
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.

ОшМУнун башкы корпусунда маркум менен коштошуу зыйнаты өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты катышты.

Маркумдун сөөгү жума намаздан кийин жерге берилет.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы 12-ноябрда кабарланган.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Эмгек жолун Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштаган.

Каныбек Исаков 1993-1997-жылдары Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы "Нур" гезитинин башкы редактору болгон.

1997-1998-жылдарда ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук-тарбия иштери боюнча проректор, 2005-2006-жылдары мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылдары ОшМУнун ректору кызматын аркалаган. 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон.

Маркумдун артында бир уул, үч кызы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0