Коронавирус жуктурган медиктердин саны кескин көбөйүп кетти. Статистика

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада
Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус беш облустун медиктеринен табылган. Республика боюнча жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 677 учур катталды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 15 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

Билдирмеге ылайык, бир суткада беш облустун медиктерине COVID-19 диагнозу коюлган.

Бир суткада коронавирус табылган медиктер:

  • Баткен облусунда – 4;
  • Бишкек шаарында – 5;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 3.

Буга чейин ооруну жуктуруп алган ак халатчандардын ичинен тогуз медик айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы айтылды.

Бишкек менен Жалал-Абадда көп. Бир суткада коронавирус 567 адамдан табылды

Республика боюнча жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 677 учур катталды, андан 3 473 ак халатчан дартты жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0