Кыргызстанга чоочун бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган аял кармалды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАэропортто каттоодо жүргүнчүлөр. Архив
Аэропортто каттоодо жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын башка бирөөнүн документи менен Түркиядан, тагыраагы, Стамбул – Бишкек аба каттамы менен келгендиги айтылды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан кечээ чоочун бирөөнүн паспорту менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган 42 жаштагы аял кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматта, анын Түркиядан, тагыраагы, Стамбул – Бишкек аба каттамы менен келгендиги айтылды.

Ал 1979-жылы туулган С.А. аттуу жаран катары өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылган.

Текшере келгенде паспорттогу жазылган маалыматтардын бардыгы, аты-жөнү, туулган жылы, айы, күнү туура келген эмес, башкача айтканда, документ башка бирөөгө таандык болуп чыккан. Ал эми чек арадан мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген аял Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

Казак чек арасына жашыруун кирген кыргызстандыкты дрон менен кармашты. Видео

Мыйзамсыз иштери билинип калгандан кийин ишти андан ары териштирүү үчүн аял ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0