Бишкектин Жал кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтоду

© SputnikБатарея. Архив
Батарея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек суу канал" борбор калаанын кичи райондорунун бириндеги авариялык иштерди жөндөп жатат. Мэрия мындай ыңгайсыздыктарды туура түшүнүүнү өтүнөт.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Жал кичи районуна жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Бишкек суу канал" борбор калаанын кичи райондорунун бириндеги авариялык иштерди жөндөп жатат.

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 13-ноябрга чейин Жал от казанынан Жал кичи районунун жашоочуларына жылуулук энергиясын берүүнү авариялык жумуштар жоюлганга чейин токтото турууга аргасыз болушат", — деп айтылат маалыматта.

Соронбаев: жылууланбаган үйдүн чыгашасы көп болот

Бишкек мэриясы мындай ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0