Жапаров: Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт

Жазылуу
Садыр Жапаров Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн маянасын көтөрүү үчүн 2,5 миллиард сом талап кылынарын, каржы булагы табылганын белгиледи.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ага кабарчылардын бири Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу мамлекетке кооптуу эмеспи деген суроо узаткан.

"Чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүүдө мамлекетке эч кандай зыяны тийбейт. Тескерисинче, Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. Ал үчүн эки жарым миллиард сомдун тегерегинде керек экен, акчанын булагын таптык. Ошондуктан ушундай чечимге келдик", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында тең Союз учурунан бери Чек ара кызматы УКМКнын курамында экенин белгиледи.

Садыр Жапаровдун маалымат жыйынын тексттик баяндамадан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0