Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалаган.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы кабарлап, видео жөнөттү.
Буга чейин Финпол мамлекеттик кызмат, сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган.
Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды
Кыргызстандын түптөлүшү үчүн бир топ кишинин эмгеги жумшалган. Азыр барк-баасын билип-билбей, баалап-баалабаган мамиле менен "эркелеп" жашап жаткан мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябаган дагы бир адам бар. Ал — Иманалы Айдарбеков.