Интернетте УКМК балдарды уурдап жатат деген маалымат тарады. Комитеттин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши баланын рюкзагы менен. Архив
Киши баланын рюкзагы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитеттен билдиришкендей, акыркы учурда социалдык тармактарда УКМК кызматкерлери тууралуу чагымчылдык жаратчу маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "ведомствонун кызматкерлери Нарын облусунда балдарды коркутуп, уурдап кетип жатат" деген малыматты четке какты.

Маалымат кызматынан билдиришкендей, акыркы учурда социалдык тармактарда УКМК кызматкерлери тууралуу чындыкка туура келбеген кабарлар тарап жатат.

"УКМК эч качан жашы жете элек балдарды өзүнүн ыкчам иликтөө иш-чараларына пайдаланбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызды шыпырылта сөккөн милиционердин кайда иштээри айтылды. Видео

Учурда комитет туура эмес маалымат тараткан жарандарды издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0