Кыргызстандын кайсы аймагында банктык карта көп колдонулат. Статистика

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБанктык карталар. Архив
Банктык карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстанда ар тармакта санариптешүү процесси жүрүп, айлык, пенсиялар банктык карта аркылуу берилип келет.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде банктык төлөм карталары 2,5 эсеге өсүп, 2019-жылдын аягында элдин колундагы картанын саны 3 миллионго жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Банктык карта көбөйгөн сайын аларды тейлөөчү банкоматтар менен терминалдардын саны дагы өстү. Учурда өлкөдө 1,7 миң банкомат, 11 миң төлөм терминалдары бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле картаны кайсы аймактардын тургундары көбүрөөк колдонору тууралуу маалымат берилген. Адегенде биринчи орунда Бишкек шаары турат. Борбор калаанын жашоочуларынын колунда 1,2 миллион карта бар. Экинчи орунда Ош шаары менен Ош облусу (460 миң), үчүнчүдө Жалал-Абад (407 миң) облусу орун алды.

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

Эске салсак, акыркы жылдары Кыргызстанда ар тармакта санариптешүү процесси жүрүп, айлык, пенсиялар банктык карта аркылуу берилип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0