Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив
Жаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-ноябрга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 12-ноябрь күнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Нарын аймактарында +6...+11, Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +7…+12 градус болот.

Борбор калаада жана Ош шаарында күндүз жамгыр жаап, карга айланышы болжолдонду. Термометр Бишкекте +8...+10, Ош шаарында +10...+12 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0