Кыргызстанда октябрь айы үчүн медиктерге 145 млн. сом компенсация төлөндү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул компенсация коронавирус менен күрөшкөн 7 722 медикке октябрь айындагы эмгеги үчүн берилген. Азырынча акча саламаттык сактоо уюмдарына гана которулуп, медиктердин колуна тие электиги айтылды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине октябрь айы үчүн 145 миллион 613 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшкөн 7 722 медикке октябрь айындагы эмгеги үчүн берилген.

"Азырынча акча саламаттык сактоо уюмдарына гана которулду. Медиктердин колуна тие элек", — деп айтылат билдирмеде.

Аймактар боюнча алып караганда:

  • Бишкек шаары боюнча оору менен күрөшүүгө 14 медицина мекемесинен 1 636 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 35 миллион 165 миң сом;
  • Чүй облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 25 медицина мекемесинен 724 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 10 миллион 125 миң сом;
  • Ош облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 58 медицина мекемесинен 2 068 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 41 миллион 967 миң сом;
  • Баткен облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 14 медицина мекемесинен 876 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 15 миллион 856 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 26 медицина мекемесинен 1 287 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 24 миллион 686 миң сом;
  • Ысык-Көл облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 15 медицина мекемесинен 601 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 9 миллион 654 миң сом;
  • Нарын облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 6 медицина мекемесинен 175 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 2 миллион 885 миң сом;
  • Нарын облусу боюнча оору менен күрөшүүгө 9 медицина мекемесинен 355 медик тартылган. Компенсациянын суммасы — 5 миллион 275 миң сом.

Канча медик 200 миң сомдон компенсация алды? Министрдин жообу

Эске салсак, сентябрь айында өкмөт коронавирус менен күрөшкөн медиктердин компенсациясын төлөө үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 540 миллион, ал эми Саламаттык сактоо министрлигине 100 миллион сом бөлгөн. Бул каражат республикалык бюджеттен 2020-жылдын аягына чейин деп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0