Соңку он айда Кыргызстанга келген 258 миң чет элдик жаран каттоого турду

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевМеждународный аэропорт "Манас" в Чуйской области. Архивное фото
Международный аэропорт Манас в Чуйской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, Казакстан, Индия, Монголиянын жарандары 30 күндүн аралыгында жашаган жерине катталышы керек.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанга келген 258 миң киши каттоого турду. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин жарандары Кыргызстанга келгенден кийин каттоо процедураларынан өтүшү керек. Анүчүн бардык аймактагы паспорт бөлүмүнө кайрылып "Чет элдиктерди каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу каттала алышат.

Кыргызстанда эл каттоо 2021-жылга жылдырылды. Себеби

"1-январдан 31-октябрга чейин өлкө аймагында 257 956 чет элдик жаран жана жарандыгы жок тараптар катталды. Анын ичинен 123 589у Россиянын, 18 204ү Казакстандын жарандары", — деп айтылат маалыматта.

Россия, Казакстан, Индия, Монголиянын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин 30 күндүн аралыгында каттоого турушу керек. Ал эми түркиялыктарга 90, тажикстанстандыктарга 60, германиялыктарга 60 жана түркмөнстандыктарга 10 күн каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0