Вице-премьер Сурабалдиева: күндүзгү стационарлар азырынча ачылбайт

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкектеги күндүзгү стационар. Архив
Бишкектеги күндүзгү стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Сурабалдиева ыктыярчылардын сунушу менен Октябрь районунда бейтаптарды ооруканага бөлүштүргөн борбор уюштурула турганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өлкөдө азырынча күндүзгү стационарлар иштебейт. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева мэриядагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус болгон бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн эки оорукана даярдалып жатат.

"Күндүзгү стационарлар боюнча бир топ талаш-тартыш маселе жаралды. Азыр бейтаптарды жаткыруу үчүн №1 клиникалык оорукананы даярдап жатабыз. Ал жакта орун толгондон кийин 6-ооруканага жаткырылат. Мындан тышкары, ыктыярчылардын сунушу менен Октябрь районунда бейтаптарды бөлүштүргөн борбор уюштурулат. Мобилдик топтор, ыктыярчылар ооругандарды ошол борборго алып келет дагы, андан кийин ооруканаларга бөлүштүрүлөт", — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер эгер бейтаптардын саны көбөйүп кетсе, анда мектептерде даярдалган күндүзгү стационарлар ачыла турганын белгиледи.

Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев күндүзгү стационарлардын баары жылууланып, бейтаптарды кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0