07:55 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
143 0 0

Дактилоскопиялык датчик коюлган телефон манжалар кирдеп калса да ачпай коюшу ыктымал. Ал тургай манжанын бир жери тытылып кетсе да киргизбей коет.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Айрым телефондордун өзүндө эле адамды манжадан тааныган (дактилоскопия) датчиктери болот. Мындай смартфондун ээси аппаратын манжанын изи менен күйгүдөй кылбай эле коюш керек. Бул тууралуу РИА Новости нейротехнология жаатындагы адис Тимур Садыковдун айтканына таянып кабарлады.

Адис белгилегендей, дактилоскопия (манжадан адамды таануу) датчиктери бар техника ансыз деле ээлерине көз салып тура алат. Ага кошуп телефонду манжанын изи менен гана күйгүдөй кылып койбош керек.

"Эгер телефондо аябай маанилүү маалымат болсо, анда сыр сөздү улам  алмаштырып турса болот. Анын үстүнө телефонго оор сыр сөздү жазууга чектөө коюлган эмес. Ага караганда адамдын колунда 10 эле манжа бар. Дактилоскопия датчиктеринде бузулуп калуу коркунучу жогору. Телефон манжалар кирдеп калса да ачпай коюшу ыктымал. Ал тургай манжанын бир жери тытылып кетсе да киргизбей коет", — деген адис.

Кубаттуулугу эң күчтүү смартфон аталды

Садыков оор жана тез алмаштырылып турган сыр сөздү баарынан идеалдуу деп атаган.

Тема боюнча

Эксперт геолокацияны кимдерге билдирбеш керектигин айтты
Смартфон аркылуу аңдуу болуп жатканын кантип билүүгө болот? Адистин кеңеши
Белгилер:
датчик, адис, сыр сөз, манжа, телефон

ЭҢ МААНИЛҮҮ