Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жүргөн адамдар
Паркта сейилдеп жүргөн адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 11-ноябрь, шаршембиде, күндүз республикада аба ырайы ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас аймагында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +8...+13 градус болору айтылды.

Аба ырайы бузулат. Инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга кайрылды

Бишкек жана Ош калааларында  термометр +14...+16 градусту көрсөтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0