Балбак Түлөбаев: той-аштан муниципалдык кызматкерлерди көрсөм, таарынбагыла!

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу жалпы элге кайрылып, той үчүн айылдан шаарга келбей турууну суранды. Түлөбаев тойдон вирусту жугузгандар көп катталып жатканын да белгиледи.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Муниципалдык кызматкерлердин той-аштарга барганын көрүп-уксам, таарынбагыла! Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эпидемиологиялык кырдаал боюнча өткөн жыйын учурунда айтты.

Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус көп учурда той-аштардан тарап жатканын белгиледи.

"Өкмөт жакында мамлекеттик кызматкерлердин той-аштарга баруусуна тыюу салат. Ушул жерден муниципалитеттин кызматкерлерине да эскертип коёюн, кимде-ким болсо да той-аштан көрсөм таарынбагыла! Тойдон ары ошол бойдон жумуштан кете бергиле", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Түлөбаев ошол эле учурда жалпы элге кайрылып, той үчүн шаарга айылдан келбей турууну суранды.

"Урматтуу калайык, айыл-аймактан келип Бишкекте той өткөрүп, ооруну жугузуп, кайра айылга кетип жатасыңар. Анан ооруп калдым деп кайра жалынасыңар. Күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерди аяп койбойсуңарбы?", — деди Түлөбаев.

Анын сөзүн вице-премьер Эльвира Сурабалдиева дагы улап, мамлекеттик кызматкерлерди элге үлгү болууга үндөдү.

"Той башында өзүбүз жүрбөй элге үлгү бололу. "Жаныңардагыны тыйып анан бизге акыл айткыла" дегендер чыгып жатат. Учурдан пайдаланып мамлекеттик кызматкерлердин баарын той-ашка барбай коё турууга чакырып кетет элем", — деди Сурабалдиева.

1-класстагылар да. Бишкек, Ош шаарында балдар азырынча онлайн окуйт

Белгилей кетсек, вице-премьер Сурабалдиева шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүүдө. Анда Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0