Садыр Жапаров окумуштууларды Илим күнү менен куттуктады

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүРабота Самарского областного клинического онкологического диспансера
Работа Самарского областного клинического онкологического диспансера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык илимий мекемелердин кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүшү керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров мамлекеттин дүйнөдөгү орду андагы илим менен билимдин абалына байланыштуу экендигин белгилеген.

"Азыркы татаал шартта Кыргызстанда илимди сактап калган Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык илимий мекемелердин кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүшү керек. Бардык илимий коомчулукка: академиктерге, илимдин докторлору менен кандидаттарына, аспиранттарга жана илимий мекемелердин кызматкерлерине жасаган эмгектери, тандаган ишине өмүрүн арнап, чыгармачылык күч-кубатын жумшап, жүргүзүп жаткан иши үчүн чын ниеттен ыраазычылыгымды билдирем!" — деп жазылган куттуктоодо.

Жапаров илимге болгон мамилени өзгөртүү керектигин кошумчалаган.

Мамлекеттик кызматка жаштарды тартууну улантабыз. Жапаров жаштарды куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу бардык окумуштуулардын илимий иштерине ийгилик каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0