Рак менен ооруган кыз-келиндер балдардын кийимин тигип сатууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТигүүчү фабрикада ишкер. Архив
Тигүүчү фабрикада ишкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онкобейтаптар тиккен алты айдан төрт жашка чейинки бөбөктөрдүн кийими 1000 сомдон сатылса, 4 жаштан 6 жашка чейинкилердики 1200 сомго бааланууда.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Рак илдетине чалдыккан кыз-келиндер эми балдардын кийимин тигип сата баштады. Түшкөн каражат ооруган кыз-келиндердин дарылануусуна жумшалат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева билдирди.

Анын айтымында, алты айдан төрт жашка чейинки бөбөктөрдүн кийими 1000 сомдон сатылса, 4 жаштан 6 жашка чейинкилердики 1200 сомго бааланууда.

"Түшкөн каражаттын баары рак менен алышкан кыз-келиндерибиздин дары-дармегине жана химиотерапиясына керектелет", — деди Сагынбаева.

Онкобейтаптар тиккен кийимдерди алууну каалагандар Байтик баатыр көчөсү, 34/5 дарегине барса болот. 

Аталган коомдук фонддун өкүлдөрү буга чейин өздөрүнүн дарылануусу үчүн бет кап тигип сатышкан. Ошондой эле алар экобаштыктарды дагы тигишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0