Жатар алдында баш тарта турган жети нерсе

CC0 / pixabay / WokandapixКыз уйку учурунда. Архив
Кыз уйку учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер жатарда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаган таптакыр эле болбойт дешти. Муну менен өзүн алаксытып, уйкуга кетем деген кишинин жаңыларын кошумчалашты.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Адистер уктар алдында эмне кылбаш керектигин эскерткендигин РИА Новости Huffington Post сайтына таянып жазды.

Биринчи иретте жаңылыктарды угуп же көргөнгө болбойт. Себеби киши аны уккандан кийин көшүлүп уктап кетпейт экен. Дагы бир нерсе — кишини кыжалат кыла турган кепти эртеңкиге калтырган оң. Изилдөөдө ашыкча сөз уккан адам түндү кээде кирпик какпай өткөрөрү аныкталган. 

Дарыгерлер жатып алып иштебегиле деп кескин эле айтып келишет. Себеби керебет улам эле уйку менен төшөк мамилесин эстете бергендиктен, иштейм деп камынган киши кыйратып эле эч нерсе жасап жибербейт экен. 

Дарыгер батыраак уктап калуунун жолдорун айтып берди

Дагы эске салчу учур, жатарда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаган таптакыр эле болбойт. Муну менен өзүн алаксытып, уйкуга кетем деген киши жаңылат.

Кофеини бар азыктар, спирт ичимдиги уйкунун ырааттуулугун бузат. Мындан сырткары, көшүп эс алам десеңиз, телефон менен электр жарыгын өчүрүп койгондон өтөрү жок. Жарык мээнин караңгыда адамды уйкуга чакырган гормондун иштелип чыгышына тоскоол болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0