Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши жаан учурунда бара жатат. Архив
Киши жаан учурунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-ноябрга караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болот.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Эртең, 10-ноябрда, күндүз республика боюнча аба ырайы бузулбайт.  Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +10...+15 градус, Ысык-Көл облусунда +6..+11, Нарын жергесинде +3...+8 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +11...+13 градуска жетсе, Ошто +12...+14 градус болору  болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0