"Орто-Сайдагы" өрт боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Орто-Сай базарындагы ири өрттүн кесепеттери
Бишкектеги Орто-Сай базарындагы ири өрттүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан. Себебин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалууда.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Орто-Сай" базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, өрт тигүү цехи, тез татым жайы жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имараттан чыккан.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо") кылмыш иши козголду. Өрттүн себебин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалууда.

Аким: өрт өчүрүүчүлөргө "Орто-Сай" базарынын кире беришинде тоскоолдук жаралган

Райондук милиция бул жерде өрт коопсуздугу боюнча тартип бузуулар болгонун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына маалымат берип, рейд жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылды.

Эске салсак, 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн.

Күлгө айланган товарлар. "Орто-Сай" базарында чыккан өрттөн кийинки көрүнүш

Район жетекчиси тиешелүү органдарга кайрылып, өрт жана ушул сыяктуу кырсыктарды алдын алуу үчүн "Орто-Сай" базарында кандай иштер кылынганы боюнча маалымат сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0